Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Марат Төрөбеков кызматынан кеткени айтылууда.
Маалым болгондой, Марат Төрөбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун атына өз арызы менен кайрылган. Төрөбеков арыз берүү себебин азырынча айта элек.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган жок, төгүнгө да чыгарган жок.
Айта кетсек, Марат Төрөбеков бул кызматка 2017-жылдын 17-ноябрында дайындалган.