БШК талаш-тартыш менен "ата мекенчи" Аида Салянованы депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын ыйгарым укуктарын токтотту. Мындай чечимди БШКнын мүчөлөрү Саляновага байланыштуу соттун чечимине негиздеп бүгүн, 3-мартта кабыл алды.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова бул маселени күн тартибинен алып, маселени кароону башка күнгө калтырууну суранган.

"Бишкек шаардык сотунун чечиминде, сот ага карата жаза өтөөнү 2029-жылга калтырып жатат. Демек, айыптоо боюнча соттун чечими күчүнө киргенден кийин, депутатты мандатынан ажыратууга болот. Мыйзамда мындай жагдайда кайсы учурда мандатынан ажыратуу каралган эмес. Андыктан бул маселени күн тартибинен алып турууну суранам. Мындай маселени Жогорку Кеңеш чечиши шарт. Ошондуктан бул сунуш боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу үчүн, бүгүн күн тартибинен алып турууңуздарды суранам”, - деди Журабаева.

Бирок БШК мүчөлөрү бул өтүнүчтү колдогон жок.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзамда талаш жараткан жагдайлар жок экендигин айтты.

"Соттун чечими чыкты. Бул жерде талаш жараткан жагдай жок. Ар бир мамлекеттик органдын өзүнүн жоопкерчилиги жана милдеттери бар. Ошондуктан биз бул ишти бүгүн карап, чечим кабыл алышыбыз керек", - деди ал.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов кесиптештерин бул токтомду колдоого чакырды.

"Соттун өкүмү күчүнө киргенде, биздин милдетибиз аны аткаруу. Айып салынса да, жаза өтөөнүн башка түрү каралса да ал өкүм болуп саналат. Бул депутат өзү мыйзамга жакын адам, өткөн жумада Жогорку Кеңеште депутаттар менен коштошуп кетти. Бизге берилген убакыт өтүп жатат, эгер соттун чечимин аткарбасак, мыйзамда биздин да жоопкерчилигибиз бар. Ошондуктан мен бул токтомду колдоп коюшуңарды суранам", - деди Бекматов.

Салянованы мандатынан ажыратуу боюнча токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул", калган 2 мүчөсү "каршы" деп добуш берди.

Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. 19-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов аталган комиссияга Аида Салянованын иши боюнча айыптоо өкүмүнүн көчүрмөсү түшкөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан