"Ноокаттагы Өрнөк орто мектебинин окуучулары сырттагы суук аба ырайына карабастан чатырларда окуп жатышат" деген билдирүүнү окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.
"Ноокат районундагы Он эки бел айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк орто мектебинин окуучулары мектептин жараксыз абалына байланыштуу сырттагы суукка карабастан айрымдары чатырларда, жарымы ошол өтө начар абалдагы мектепте билим алышууда. Бул жакка качан жаңы мектеп курулат же оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт? Кудай сактасын, бирок жаратылыш кырсыктары боло турган болсо, балдардын өмүрүнө ким жооп берет?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.