Жыргалбек Калмаматов, Аида Салянова, Фархат Иминовдун ордуна депутат болуп келчү талапкерлерге качан мандат тапшырыла турганы белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, БШК талапкерлердин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөткөн.
Белгилей кетсек, 3-мартта БШК Аида Салянова менен Фархат Иминовду мандатынан ажыраткан. 19-январда комиссия каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон.
Аида Салянованын ордуна Гүлнара Самат-Клара келиши мүмкүн. Анын мурдагы аты-жөнү Клара Кабилова. Жыргалбек Калмаматовдун ордуна Насыр Мусаевдин келиши күтүлүүдө. Ал эми Фархат Иминовдун мандаты Марлен Маматалиевге тапшырылышы мүмкүн.