Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеӊештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында пенсияга чыгууда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоору депутат Аалы Карашев тарабынан сунушталган. Анда пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоо узак убакытты жана кыйла оорчулукту жараткан жагдайлар бар экени айтылды. Демилгечи бул мыйзам менен маселе жеңилдейт деген пикирде. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырышты.