Өкмөттүн балдарга жөлөк пул боюнча мыйзамды шашылыш карап берүү сунушу депутаттардын тынчын кетирүүдө. Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында өкмөт балдарга жөлөк пул берүү мыйзамын чукул карап берүүнү суранды. Депутат Жанар Акаев аталган комитет бул мыйзам боюнча жоопкерчиликтүү болгондуктан маселени шашылыш кароо туура эместигин айтты.
"Бул мыйзамга көбүрөөк биздин комитет жооптуу. Биз мыйзам боюнча маалыматтарды азыр алып жатабыз. Азыр таанышпай туруп чукул караганыбыз туура болбойт. Ошондуктан кийинки жумада караганыбыз туура", - деди Акаев.
Депутат Наталья Никитенко Акаевдин сунушун колдоп, бул мыйзамдын коомдук талкуусуна кызыкты.
"Сиздер бул мыйзамды коомдук талкууга, өкмөттүн сайтына жайгаштырдыңарбы? Биздин эсибизде бул коомдо абдан катуу талкууланган. Регламент боюнча депутаттар таанышып чыгышы үчүн убакыт керек. Биз бул документтерди бүгүн алдык", - деди Никитенко.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова эки жумадан бери министрлик коомдук талкууларды өткөрүп жатканын айтты. Ал 1-апрелге чейин убакыт аз калганын негиз кылып, бул мыйзамды бүгүн карап чыгууну суранды.
"Убакыт абдан тез өтүп жатат. Биз кечиксек абдан чоң социалдык маселе жаралышы мүмкүн. Биз бүгүн мыйзамдын концепциясын жактырып берүүңүздөрдү суранабыз. Экинчи окууда сунуш пикирлерди кабыл алууга даярбыз", - деди Исакунова.
Депутат Садык Шер-Нияз өкмөт бул мыйзамга көрсөтүлгөн убакытка жоопкерчиликтүү карабай жатканын айтты.
"Өкмөттө календарды карай турган киши барбы? Менин эсимде, бизде Жаңы жыл алдында ушундай маселе болгон. Өкмөттүн кетирген катасы үчүн депутаттар аймактардан кайтып келүүгө аргасыз болгонбуз. Бул жеңил эле, компьютерде календарь бар. Ошол календарга киргизгиле, ошондо кайсы мыйзам качан каралышын билесиздер", - деди Шер-Нияз.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында комитет бул маселени бүгүнкү күн тартибине киргизди. Бүгүн түшкө чейин парламенттеги Бюджет жана финансы комитети өкмөттүн сунушу менен бул мыйзамды биринчи окууда кароого аргасыз болгон.