Бүгүн, 6-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2017-жылы Бишкек-Ош жолунун 6 чакырымын оӊдоодо асфальт нормадан 449 тонна аз төшөлгөнү аныкталды. Мындан мамлекет 1 миллион 219 миӊ сом зыян тарткан. Башкы прокуратура факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери менен кылмыш ишин ачты. Сөз "Бишкек-Ош унаа жолу" дирекциясына караштуу №9-жол-эксплуатациялоо тилкесинин жооптуу адамдары жасаган иш жөнүндө. Жооптуулар жумушту аткаруучу компаниялар менен сүйлөшүүгө барып, бааларды негизсиз көтөрүп, кийин кылмышты жашырууга аракет кылышкан дейт прокуратура.
2017-жылы 98 миллион сомго Бишкек-Ош жолунун 12 чакырымы оӊдолгон. 19-июлда Жалал-Абадга бараткан ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбеков трассанын 133-чакырымында оӊдоо ишин көрүп, иш алдыга жылбай жатат деп сындаган. Ал 45 күндө араӊ 2,5 чакырым жол оӊдолгон деп "Бишкек-Ош унаа жолу" дирекциясынын жетекчиси Изатбек Токтомамбетовду иштен айдаган. Жогорудагы 1 миллион 219 миӊ сом жолдун дал ушул Жээнбеков таанышып кеткен тилкесин оӊдоодо жоголгон.
Өлкөдө жылына жүздөгөн чакырым жол оӊдолуп, жаӊыланат. Ар бир 6 чакырымдан 1 миллиондон "жей" беришсе казынага акча түтөбү? Ал эми талаптагыдай жасалбаган жол 1 жылга жетпей талкаланып, мурдагы таз кейпин кийүүдө. Мунун алдын алуунун жолун тапкандын ордуна, айрым депутаттар Бишкек-Ош жолун элдин акчасына оӊдоону сунуштап чыгышты. Былтыр парламент депутаты Кубанычбек Нурматов Бишкек-Ош трассасындагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” постторунан ар бир унаадан алынчу 45 сомдук төлөмдү 100 сом кылып, түшкөн акчаны трассаны оӊдоого жумшайлы деп чыккан. 2017-жылы Кызыл-Кыя-Бешбуркан жолун оӊдоодо да 6 сантиметр калыӊдыкта асфальт төшөөнүн ордуна 4,8 сантиметр төшөп, 600 миӊ сом кымырып калуу фактысы аныкталган. Санай берсе факт көп.
Мамлекеттик казынага, демек, салык төлөөчүлөрдүн акчасына "кол салуу" иши жолчулардын жоругу менен эле бүтпөйт. Эсептөө палатасы бүгүн Шабдан баатыр тарыхый тасмасын тартууда 11,5 миллион сом максатсыз пайдаланылган деп маалымат таратты. Анда айтылгандарга таянсак, тасманын бюджети 80 миллион сом деп бекитилген. Каржы министрлиги 2014-2015-жылдары тасма тартуучуларга 20 миллион сом бөлүп берип, анын 11 миллион 500 миң сому иштетилген. Калган 8 миллион 500 миӊ сому мамлекеттик бюджетке кайтарылган. Жетиштүү акча бөлүнбөгөндүктөн тасманы тартуу иши токтотулган, качан тартылары белгисиз. Мамлекеттик бюджеттин акчасы максатсыз пайдаланылып же бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирип кетип жатканына фактыларды ондоп, балким жүздөп санаса болот. Ушундай окуялар сырттан кредит, грант катары келген же салык төлөөчүлөрдөн чогулган мамлекеттик казынанын акчасына коомчулук тарабынан тыкыр көзөмөл керектигин улам эскертип жатат...
5-мартта Жогорку Кеӊештин комитет жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Онкологиялык кызматты колдоо фондуна "Кумтөр" 7 миллион доллар которгонун, акча мамлекеттик казына аркылуу өтпөй, фонддун банктагы эсебине түшкөнүн айтып чыкты. Экономист депутат Акылбек Жапаров фонд мыйзамдуу түзүлдүбү-жокпу, муну Эсептөө палатасы текшериши керек дейт. Бюджетке түшүүсү керек болгон акча эмне үчүн коомдук фондго төлөнүп жатканы суроо жаратууда.
Аталган фонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында өкмөттүн 2017-жылы 14-сентябрындагы токтомуна ылайык түзүлгөн. Өкмөт фондду түзүүдөгү максатты - калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, онкологиялык кызматтын техникалык базасын чыӊдоо жана Кыргыз өкмөтү менен "Центерра" компаниясынын ортосундагы айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү келишимин ишке ашыруу деп атаган. Келишимге ылайык, "Центерра" Кыргыз тарапка 10 миллион доллар которууга тийиш. 7 миллион доллары которулуп, 3 миллиону күтүлүүдө. Бул акчага Кыргыз тарап рак илдетин дарылоодогу эң керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга тийиш.
Өкмөттүн оппоненттери Кыргыз өкмөтү бейөкмөт фонд түзөбү деп сындоодо. Өкмөт "Центерра" которгон акчаны эмне үчүн коомдук фонд аркылуу иштетүүнү көздөп жатканына азырынча комментарий бере элек. Депутаттар өкмөткө 2 апта убакыт берип, 7 миллион долларды бюджеттик жол аркылуу туура колдонуунун жол-жобосун иштеп чыгуу керек дешти. Жогорудагы 7 миллион доллар жарым жылдан бери иштетилбей, банкта сакталып турганы айтылды. Жөн эле сакталып турабы же кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн банкта айланып жатабы белгисиз...
Бишкек ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Буга чейин ЖЭБди жаӊылоо боюнча келишимге жооптуу деп "Электр станциялары" ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Салайдин Авазовдун жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ысымы аталып жаткан. Бүгүн булар депутаттардын суроолоруна жооп беришти.
Депутаттар Кытайдан 386 миллион доллар кредит алуу боюнча өкмөттүн жыйыны өткөн-өтпөгөнүн, чечим кандай шартта кабыл алынганын сурашты. Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова менен экс-министр Осмонбек Артыкбаев "эсимде жок" деген жооп менен кутулушту. Жыйында парламент депутаты, депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев менен мурдагы министр, учурда парламент депутаты Артыкбаев кайым айтышты. Масалиев ЖЭБди жаӊылаган ТВЕА компаниясы Кыргыз тарапка жардам катары 20,3 миллион доллар бериши шектүү экенин айтса, Артыкбаев Масалиевди ар түрдүү сөздөрдү айтып жүрөк оорутуп жатат деп сындады. Комиссиянын дагы бир мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев Масалиевге жүрөк ооруткан суроолорду бербөөнү айтып кеӊеш берди.
Депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынында ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин аны оӊдоого тийиштүү документтеги даталар өзгөртүлгөнүн борбордун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу тастыктап, бирок эмне үчүн өзгөртүлгөнүн билбей турганын айтты. Документтердеги даталар эмне үчүн өзгөртүлгөн? ЖЭБди жаӊылоодогу күмөндүү иштердин изи ушинтип тазаланып жатабы? Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жылуулук борборун жаӊылоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси түшүнүксүз жазылганын сындашты эле, ЖЭБдин учурдагы директору Андрей Воропаев аталган документ Кытай тилинде жазылып, башка тилге 7 жолу которулганынан улам түшүнүксүз абалга келгенин билдирди. Документти англис тилине, андан кийин орус тилине которууга аракет кылып жатабыз деген жооп айтылды.
Депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны ушундай маалыматтар менен жыйынтыкталды. Азырынча жылуулук борборун ушунча каражат коротуп жаңылоо туура болгон же болбогон, ЖЭБди жаӊылоого каражат туура коротулган, мындай шашылыш чечимди кабыл алууда кимдер чечүүчү роль ойногон деген өңдүү толтура суроолор жоопсуз турат...