Фарид Ниязов эмне үчүн президенттик аппараттын башчысы кызматынан кеткенин айтты

"Кызматтан кетүү тууралуу чечимимди өзгөртүүгө негиз жок", - деп бүгүн, 6-мартта Фарид Ниязов президенттик аппараттын башчылыгынан кетүү тууралуу чечимин түшүндүрдү.

Анын айтымында, кызматтан кеткен соң ал партиялык иштер менен алек болот. Фарид Ниязовдун кызматтан кеткендиги тууралуу расмий маалымат чыга элек.

Айта кетсек, президенттик аппараттын маалыматы боюнча, Сооронбай Жээнбеков менен Фарид Ниязовдун ортосунда 24-февралда оозеки сүйлөшүү болгон. Анда Ниязов кызматынан кетүү тууралуу оюн билдирген, бирок президент анын оюн кабыл алган эмес. Ал мындан ары да бирге иштешүүнү сунуштаган. Ниязов дүйшөмбүдө кызматтан кетүү тууралуу арызы менен президентке кирген. Бирок президент кол койгон эмес. Ниязовдун шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жума эс алууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан