Бүгүн, 6-мартта депутаттар Жогорку Кеңештин комитет жыйынында юстиция министри Уран Ахметовдун ишине нааразы болушту.
"Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев юстиция министри Уран Ахметовго: "Жогорку Кеңештин депутаттарына кылмыш иши козголуп жатат. Мындай учурда депутаттык кол тийбестикти токтотсо болобу? Алар соттордун алдында депутаттык төш белгисин тагынып турушат. Депутаттык төш белгини алдырып салса болобу? Анткени бул Конституцияга каршы келет. Сиз юстиция министри катары так жооп берсеңиз", - деп кайрылды.
Уран Ахметов мындай маселени сот чече турганын айтты. Бул учурда аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов министр жөнөкөй суроого жооп бере албаганына нааразы болду. "Сиз жөнөкөй суроого жооп бере албай жатасыз. Мурда ар бир министр беренелерди билчү. Сиз болсо негизги беренелерди билбей жатасыз. Министрди алмаштыруу керек. Уят!", - деди Сулайманов.
Депутаттар юстиция министрин кызматтан кетирүү сунушун премьер-министр Сапар Исаковго жөнөтүү чечимин кабыл алышты.