Сагынбек Исмаилов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 6-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буйрукка ылайык, Сагынбек Исмаилов УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп калат.
Эске салсак, буга чейин бул кызматты Дүйшөнбек Чоткараев аркалап келген. Ал 16-февралда аталган кызматтан бошотулган.
Сагынбек Исмаилов 1963-жылы 18-июлда Фрунзе шаарында туулган. Ал 1985-жылы СССР ИИМ Карагандадагы милициянын Жогорку мектебин аяктаган.
Исмаилов буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.