Депутат Бокоев эл өкүлдөрүн жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун шашылбай кароого чакырды

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоорун шашылбай кароону сунуштады.

Ал билдиргендей, мыйзам долбоору алгач Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети караш керек.

"Мыйзам долбоор боюнча өлкөнүн 7 облусунда коомдук угуу өткөрүү керек. Андан кийин мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароо зарыл. Маселени шашылбай карайлы", - деди Бокоев.

КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова Кенжебек Бокоевдин сунушун колдоду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков буга чейин бул маселе эки комитетте каралганын айтты.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү мыйзам долбоорду бүгүн карап берүүнү суранды. "Бул мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында жарыяланган. Маселе каралгандан парламентте каралгандан кийин өлкөнүн аймактарында коомдук угуу өткөрөбүз", - деди өкмөттүн өкүлү.

Вице-спикер Асел Кодуранова 12-марттан баштап аймактарда коомдук угуу өтүп баштай турганын белгилеп, бүгүн мыйзам долбоордун концепциясын кароо керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан