Бүгүн, 7-мартта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинге Сирияда Ан-26 учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу телеграммасында: “Сирияда транспорттук Ан-26 учагынын кыйрашынан улам көптөгөн адамдардын курмандыктарына байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат.
Белгилей кетсек, 6-мартта Орусиянын Ан-26 учагы Латакия портунун жанындагы аскердик базасына конордо кырсыкка кабылган. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, андагы 33 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү каза болгон.
Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда. Коргоо министрлиги кырсыктын себеби техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу болушу мүмкүн экендигин кабарлоодо.