"Өлкөнүн 53 айылына таза суу чыгаруу үчүн 43 миллион 2 миң доллар жумшалат" дейт Абдиев

Өлкөнүн 53 айылына таза суу чыгаруу үчүн 43 миллион 2 миң доллар жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдирди.

"Айыл аймактарын суу менен камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу үчүн долбоорго 43 миллион 200 миң доллар каралып жатат. Анын ичинен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты 16 миллион 200 миң доллар. Алынып жаткан насыянын көлөмү 19 миллион 800 миң долларды түзөт. Өкмөт тарабынан кошулган грант 7 миллион 200 миң доллар. Насыя 38 жылга берилип жатат. 6 жылдык жеңилдетилген шарты бар. Бул каражат Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында тандалган 53 айылга жумшалат", - деди Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан