Иса Өмүркулов 1957-жылы 12-мартта Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында туулган. Ал 1980-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1990-жылдары Казакстандагы Жогорку партиялык мектепте угуучу болгон.
1976-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында лаборант;
1978-1980-жылдары Фрунзе шаардык транспорттук агенттигинде диспетчер;
1980-1981-жылдары Комсомолдун Кант райкомунда инструктордун милдетин аткаруучу;
1981-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы №3-автопаркта автоколоннанын башчысы;
1984-1986-жылдары ЛКЖБ БКда инструктор:
1986-1989-жылдары Партиянын Фрунзе шаарындагы Свердлов райкомунда инструктор;
1991-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Вице-президентинин, Биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
1994-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы транспорттук инспектору;
1998-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Темир жол башкармалыгынын башчысы;
2007-2010-жылдары КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин IV чакырылыштагы депутаты;
2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу;
2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри;
2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты;
Учурда аталган фракциянын лидери.
12-мартка карата жылнаама.