Орусиянын "кара тизмесинде" 77 миң Кыргыз жараны бар

Учурда Орусиянын "кара тизмесинде" 77 миң Кыргыз жараны бар. Бул тууралуу 13-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, азыр анын 27 миңин "кара тизмеден" чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Ал эми 50 миңи тизмеге соттун чечими менен киргизилгендиктен аларды чыгаруу кыйынга турат.

Мекеменин маалыматына караганда, үч жыл мурун "кара тизмеге" кирген Кыргыз жарандарынын саны 180 миң болсо, бул сан эки эсе кыскарып өткөн жылдын күз айларында 92 миңи гана калган.

"Миграция кызматы жеңил эреже бузууга барган жарандарды "кара тизмеден" чыгаруу маселесин ЕАЭБдин алкагында чечүү аракетин көрүүдө. Март айынын соңунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жыйынында бул маселе көтөрүлөт", - деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jigit.paren
2018-03-13 19:10:56
Кантип текшерсе болот кара тизмеден чыккан чыкпаганын?
+1
Benazir08
2018-03-13 19:30:19
jigit.paren,мен текшере алам
-2
Aima94
2018-03-14 01:01:52
jigit.paren,fms.gov. ru фамиля аты жөнүнүз паспорттун сериясы датасы керек. Кайсыл паспорт менен кирдиниз ошону жазасыз
0
ruslanz
2018-03-13 19:25:48
Бийликтегилер Кыргызстан онугуп жатат эле дешет, онуксо миграция ушунчалык болот беле, карызыбыз 4млрд$ болот беле.
+3
Benazir08
2018-03-13 19:31:55
Ииий кудай сактасын бул кара тизме жаман уйбулону деле ажыратып иет айрыкча жаштарды. Биз мурун ушунун айынан ажыраша жаздаганбыз. Куйом келейин десе устага акча салган эчким жок келбей коеюн десе аялы баласы боздойт кыскасы биз эле кыйналганбыщ
+2
Okna
2018-03-14 00:24:56
Супер.Инфо сураныч кантип текшерет эле силерде сайты бар элего Ошо сайтты жазып койосуздарбы
0
Aima94
2018-03-14 00:59:25
Okna,fms.gov.ru
0
Okna
2018-03-14 09:53:23
Aima94,рахмат
0
Aima94
2018-03-14 01:00:14
Чыкпайт эч кандай жөн эле сөз акча олчойгон сурайт. 80 000 бердик
+1
Дарыгер
2018-03-14 03:32:07
Элди алдап жатышат 3 жыл мурун деле 88 000 жаран кара тизмеде болчу азыр деле ошончо. Эч кандай черный списоктон чыгаруу болгон жок
+5
nnn.sss
2018-03-14 18:51:32
Дарыгер,3 жылдан бери дагы адамдар кирди да,мен мисалы 2 жыл мурда кирип калгам
0
jalgyzymsyn
2018-03-14 12:28:09
Кара тизмеге кирип калган жарандардын копчулугу документинин базадан чыкпай калганы учун кирип калган. Эми суроо?
Документти жасаган тарап жооп бериши керекпи фальщевый жасаганы учун, же акчасын толоп документтин фальщевый экенин билбегендер жооп бериши керекпи.? Ошол жасаган балдар озубуздун кыргыз кидальщиктер. Окмот ушуларды карап койсо жакшы болмок. Фальщевый док жасагандарды камап департ кылуу керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан