Депутат: "Өкмөт эмне үчүн азыркыга чейин электр энергиясына дифференцияланган тарифти киргизүүдөн баш тартып келатканын түшүнбөйм"

"Өкмөт эмне үчүн азыркыга чейин электр энергиясына дифференцияланган тарифти киргизүүдөн баш тартып келатканын түшүнбөйм", - деп бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал билдиргендей, мындай ыкма өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. "Мисалы, кардар күндүз жогорулатылган, ал эми түнкүсүн азайтылган тариф боюнча төлөйт", - дейт Бекешев.

"Түндүкэлектр" ААКсынын өкүлү мындай тариф Ысык-Көлдөгү мейманкана ээлерине колдонулуп жатканын билдирди. Ал эми жалпы кардарларга дифференцияланган тариф азырынча киргизилбей турганын айтты.

Жогорку Кеӊеште өлкөнүн электр энергетикасы тармагын жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан