"Жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу позицияңыз эмне үчүн 180 градуска өзгөрдү?" - деп бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакуновадан сурады.
Депутаттын айтымында, өкмөт 2009-жылкы мыйзамды начарлатып алып келди.
"2017-жылы кабыл алынган жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканда Таалайгүл Базаркуловна 2009-жылдагы мыйзам коррупциялашып кеткен деп айткансыз. Андан бери бир жыл өтпөй 2009-жылкы мыйзамды кайра начарлатып алып келип жатасыз. Эмнеге позицияңыз 180 градуска өзгөрдү?" - деп сурады депутат.
Таалайгүл Исакунова 2009-жылкы мыйзамды алып келбегендигин айтты. "2017-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз", - деп жооп берди.
Депутат министр калп айтып жатканын белгиледи. "Калп айтып жатасыз. Эски мыйзамга "сүйүнчү пулду" кошуп алып келип жатасыздар. 2009-жылдагы мыйзам бир аз жакшы болчу. Эмне үчүн позицияңыз 180 градуска бурулганын айтыңызчы", - дейт депутат.
Министр маселе каражатка келип такалып жатканын айтты. "Үй-бүлөдө деле ата-эне кыйналып жаткан баласына жардам берет. Өкмөт дагы ошондой абалда", - дейт министр.
Жыйынтыгында, Касымалиева депутаттарды мыйзам долбоорунун концепциясын четке кагууга чакырды.