Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Марлен Маматалиев ант берди

Бүгүн, 15-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясына жаңы депутат болуп келген Марлен Маматалиев ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Фархат Иминовдун ордуна келди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Маматалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, "Республика-Ата Журт" партиясынан талапкер Марлен Маматалиевге депутаттык мандат 13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген.

Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

2002-2003-жылдары – "Марс" компаниясында администратор, кассир;

2003-2004-жылдары – Социалдык фонддун программалык камсыздоо бөлүмүнүн адиси;

2004-жылдын март-ноябрь айлары – Социалдык фонддун программалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;

2004-2006-жылдары – Социалдык фонддун программалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2006-жылы – Социалдык фонддун маалыматтык системдерди башкаруунун жетекчиси;

2006-2008-жылдары – Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылы – Финансы министринин жардамчысы;

2008-2009-жылдары – Экономикалык өнүгүү жана соода министринин кеңешчиси,

2009-2010-жылдары — Өкмөттүн аппараты, биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси;

2010-жылдын август-ноябрь айлары – "Ар-Намыс" партиясынын аппаратынын башчысы;

2010-2011-жылдары — Жогорку Кеңештин аппараты, "Ар-Намыс" фракциясынын бөлүм башчысы;

2011-2012-жылдары – Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

2012-жылдан тарта 2018-жылга чейин өкмөттүн аппаратынын реалдуу тармак жана инфраструктура бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Марлен Маматалиев - экс-вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан