Өкмөт апрель айында "Акылдуу шаар" боюнча парламентке отчёт берет

Өкмөт апрель айында "Акылдуу шаар" боюнча парламентке отчёт берет. Бул тууралуу бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн координациялык кеңеши "Акылдуу шаар" боюнча маселени парламенттин апрель айындагы күн тартибине киргизип берүүнү суранган. "Анын себеби долбоорду ишке ашырууда киргизилген бир канча өзгөрүүлөр жана өкмөттүн келишимден чыгышына байланыштуу болгон" дейт Жумабеков.

Буга чейин жыйында бир канча депутаттар Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков "Акылдуу шаар" долбоору боюнча өкмөттүн маалыматын угууну талап кылышкан болчу.

Өкмөт "Акылдуу шаар" инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу Кытай тарап менен түзгөн келишимден чыгууну чечкенин 14-мартта жарыялады. Буга "келишимде жазылган мөөнөт сакталбагандыгына, тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалганына байланыштуу” кабыл алынганы айтылган.

"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга "Huawei Technologies" кытайлык компаниясы менен эки ай мурда келишимге кол коюлган. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулмак болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан