Парламентте мамлекеттен жер берилгенден кийин кооптуу аймактагы үйүнөн көчпөй жаткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды

Бүгүн, 15-мартта парламентте мамлекеттен жер жана ссуда берилгенден кийин кооптуу аймактагы үйүнөн көчпөй жаткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды.

Тийиштүү мыйзам долбоору Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан демилгеленген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бул мыйзам кабыл алынгандан кийин бир канча мыйзам актыларына да өзгөртүү киргизиле турганын айтты.

"Бул мыйзамда мамлекет тарабынан жер жана үй куруу үчүн каражат берилгенден кийин кооптуу аймактагы үйүнөн көчпөй жаткандардын жоопкерчилиги боюнча маселе каралган. Мыйзам боюнча жарандарга алдын ала эскертүү берилип, кооптуу аймактан көчүп чыгышы милдеттендирилгенден кийин, жарандардын жоопкерчилиги өзүндө калат. Мыйзам кабыл алынса, бир канча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан