Жумгалдагы Көк-Ой айыл аймагынын тургундары айыл өкмөт башчысына нааразы

Жумгал районундагы Көк-Ой айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана айыл тургундары бүгүн, 15-мартта маалымат жыйын уюштурду. Анда алар 2016-жылы айыл өкмөт башчылыгына шайланган Элмира Мамбетовага карата нааразычылыгын айтышты.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөт башчысы өз билемдик менен иш алып барып, кызматтык абалынан пайдаланып, коррупциялык иштерге жол берип жаткандыгын айтышты.

"Элмира Мамбетова айыл өкмөтү болуп келгенден бери Көк-Ой айыл аймагында абал тынч эмес. Айыл өкмөтү болгондон кийин эл менен кеңешпей туруп "Нурико" аталышындагы курулуш фирмасына комплекстүү ветеринардык клиника ачкан. Ошол бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат. 2017-жылы айыл өкмөттүн бюджетинде каралган 955 миң сомдун 200 миңине кичи автобус, 750 миңине 1988-жылы чыгарылган жүк ташуучу "КАМАЗ" сатып алган. Аны болсо өз кызыкчылыгына колдонуп көмүр ташып жүрөт, буга да укуктук баа берилүүсү керек. Айыл өкмөтүнүн кеңсесин бала бакчага берип коюп, өздөрү клубдун тар бөлмөсүндө отурат", - дешти жергиликтүү кеңештин депутаттары.

Ал эми айыл тургундарынын айтуусунда Мамбетова айыл өкмөткө келген жарандарды урушуп, кээ бирлерин конторго келбе деп коркуткан.

"Айрымдарына таптакыр эле жеке ишкер катары алектенүүсүнө каршылык көрсөтүп койгон. Кызмат орундарынан кызматкерлерди өз билемдик менен иштен алып, өзүнүн жакындарын жумуштарга орнотуп алган", - дешет тургундар.

Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл аймагынын өкүлдөрү Жогорку сотко жана өкмөт башчыга Элмира Мамбетовага карата тийиштүү чараларды көрүүсүн өтүнүп арыз менен кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын кошумчалашты. Мындан улам алар пезидент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, айыл аймагынын ишин дыкат текшерүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүнө тургандыктарын билдиришти.

SUPER.KG порталы Элмира Мамбетовага байланышуу аракеттерин көрүүдө. Редакция 2-тараптын пикирин угуп, жазып чыгарууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kalpak.kg92
2018-03-15 18:24:46
Биздеда ушундай Баткен районуна караштуу Кызыл-Бел айылынын башчысы Рустамов Намаз деген жеп жутар бар Окмот башчыны Айыл башчыны ким козомолго алат супер инфо ушол жонундо малымат бергилечи
+3
sungjinsystem
2018-03-16 00:37:36
kalpak.kg92,кутулдук го Намаз жепжутардан,азыр Абдилла, жакшы эле иштеп жатат.
0
Mirlan27011987
2018-03-15 20:24:10
Элге ылайк - башчы туулат. Эркекке ылайык - аял туулат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан