Бүгүн, 16-мартта “Республика-Ата Журт” фракциясынын мамлекеттин үлүшү бар ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу боюнча жыйыны өтүүдө. Анда депутат Акылбек Жамангулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда эки жылда 8 жетекчи алмашканын айтты.
"2 жарым жылдын ичинде фонддо 3 төрага, 5 орун басар алмашыптыр. Биз кантип анан акционердик коомдордун жана башка компаниялардын ийгилигин күтүп жатабыз? Бул аралыкта негизги башкаруучу фонддун 8 жетекчиси алмашып жатса, кантип жылыш болмок эле?" - деди Жамангулов.