"Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында "Караван" соода борбору сатыла турганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев айтты.
Депутат Акылбек Жамангулов өлкөдөгү мамлекеттик мүлктөрдү пайдалануу натыйжалуу болбой жатканын белгиледи.
"Азыр канча деген улутташтырылган пансионаттар бар. Алардын 5 жыл мурдагы жана азыркы абалы кандай? “Ак-Кеме”, “Караван” комплекстерин караңыздар. "Караванда" ижарага жарым метр жер алыш үчүн аталган фонддун жетекчисинин орун басарына чейин чыгышат экен. Андан көрө фонд өзү эле бере берсин, ортодогу кишилерге маяна берип отурбай. “Ак-Кеме” мейманканасы абдан чоң комплекс, азыр көз алдыбызда бузулганы жатат. Бул боюнча да бизнес план жазып, инвесторлорду таап иш жүргүзүш керек. Болбосо жакында бул да “Семетей” мейманканасындай болуп чыгаша менен чыгат", - деди Жамангулов.
Ренат Түлөбердиев депутат атаган мамлекеттик мүлктөр боюнча маалымат берди.
“Мамлекеттик мүлк компаниясы азыр 9 объект, анын ичинен “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча иш алып барууда. 2017-жылы 8 миллион сомдон ашык акча түшкөн. “Караван” менчиктештирүү программасына кирди. “Ак-Кеме” боюнча бир аз сот иштери жүрүп жаткандыктан инвесторлор менен сүйлөшүү маселе жаратууда. Ал эми пансионаттар боюнча маселе бар, аны карайбыз”, - деди Түлөбердиев.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы "Караван" соода борбору 2017-жылы 25-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынган.