Сооронбай Жээнбеков: "Элибиз кландык башкарууга жол бербейт"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз жарандары!

17-марттагы Аксы окуясы кыргыз элинин тарыхында авторитардык-үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан карапайым элдин майтарылбас эркин даңазалаган каармандыктын күнү катары жыл сайын белгиленип келет.

Ушул күнү Аксы окуясында курман болгон жана жаракат алган мекендештерибиздин каармандыгын эскеребиз.

Аксы окуясы эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтен эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин ачык-айкын далилдеди.

Аксы окуясынын тарыхый мааниси терең жана мазмуну бийик.

Бийликтин ээси, калыстыктан тайган бийликке эл эч качан моюн сунуп бербестигин, эрки майтарылгыс экендигин көрсөттү. Уюткулуу элибиздин намысын козгоп, мекенчилдик сезимин ойготту.

Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин соңку тарыхында адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башатына айланды, кийинки элдик эки революцияга дем берди. Эркин мамлекет элибиз үчүн өмүрдөн да кымбат дөөлөт экендигин айгинеледи.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк жылдары далай татаал сыноолордон өттү. Эркиндик, көз карандысыздык үчүн элибиз тикесинен тик туруп, урпактар үчүн ондогон мекендештерибиз өмүрүн сайды. Ошол санжыралуу тарыхыбызда 2002-жылдын 17-мартындагы окуялар өзгөчө орун ээлейт.

Аксы окуясынын каармандарына биз ар дайым башыбызды ийип таазим этебиз! Курман болгон азаматтарыбыздын ысымдары Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.

Эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн жанын курман кылган чыныгы уулдарын элибиз эч качан эстен чыгарбайт!

Алардын каармандыгы бизди мамлекеттеги тынчтыкты баалай билүүгө, коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого үндөп турат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан