Путин алдыда. Орусияда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Орусиянын президентин шайлоодо добуш берүү аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын 51,93 пайызы добуш берүүгө катышты.

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Владимир Путин 71,97 пайыз добуш топтоду. Экинчи орунда Павел Грудинин 15,9 пайыз добуш менен жайгашууда, үчүнчү орунду 6,9 пайыз добуш менен Владимир Жириновский ээлеп турат. Ал эми Ксения Собчакты шайлоочулардын 1,3 пайызы колдоду. Мыйзам боюнча, БШК шайлоонун акыркы жыйынтыгын 10 күн ичинде чыгарышы керек.

Президенттик шайлоодо 8 талапкер ат салышкан. Алар:

Сергей Бабурин;

Павел Грудинин;

Владимир Жириновский;

Владимир Путин;

Ксения Собчак;

Максим Сурайкин;

Борис Титов;

Григорий Явлинский.

Айта кетсек, Владимир Путин 2000-жылы Орусиянын президенти болуп шайланган. 2004-жылы экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы (Орусиянын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин иштөө мөөнөтү 6 жылга чейин узартылган - ред.) Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Эгер Путин быйылкы шайлоодо жеңсе, ал 2024-жылга чейин Орусияны башкарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан