Бүгүн, 19-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Укук коргоочу Рита Карасартова 7-Апрель революциясын эл жасаган, аны менчиктештирип алууга эч кимдин укугу жок дейт. Жарандык активист “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев өлкөнү 6 жыл башкарган саясий топтун буйругун аткарууда деген пикирин билдирди.
Эске салсак, 17-мартта Бишкекте “Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” уюмдары 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларына арнап эскерүү жыйынын өткөрүшкөн. Анда Рита Карасартова, Эдил Байсалов өңдүү жарандык активисттерге карата “Апрель революциясын жеке кызыкчылыгыӊарга пайдаланбагыла” деген талап жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
“Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев өлкө башчысына, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңешке бир нече пункттан турган талаптарды койду. Алардын арасында “Курманбек жана Жаныш Бакиевдер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү экстрадицияланып, жоопкерчиликке тартылуу үчүн Кыргыз жергесине алып келинсин, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеш үчүн президенттин иниси Асылбек Жээнбеков парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун”, - деген өңдүү талаптар бар.
Жарандык коом “Айкөл Ала-Тоонун” бул аракетин талкууга алып, мындай митинг, талаптар “апрелчилер” түзүлгөндөгү максатынан алда качан четтеп, бийликтеги саясий топтордун куралы болуп калышканын билдирет деп сындоодо.
2010-жылы 7-апрелде “Ала-Тоо” аянтында окко учкандардын талабы, үмүтү эмне эле? 2010-жылы эл шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, коррупцияга, анын ичинде энергетика тармагындагы коррупцияга, электр энергиясынын кымбатташына каршы пикир билдирип митингге чыккан. “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдарынын 17-мартта өткөргөн митингинде бул мүдөөлөр акыркы 8 жыл аралыгында аткарылдыбы, жокпу, аткарылса эмне жетишкендиктер болду, аткарылбаса эмне себептерден улам ишке ашпады деген сөздөр болгон жок. Бул күндөгү жыйын Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү ниетин колдойбуз деп митингдерди өткөрүп, сот тармагын коррупциядан тазалоону талап кылып жатышкан 2-3 жарандык активистке жана учурдагы президентке каршы багытталгандай сезим калтырды.
Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 3 айдан эми ашты. Ал үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын ар бир жолугушууда, жыйындарда айтып жатат. Аксы окуясынын 16 жылдыгына карата кайрылуусунда да “Кыргыз эли кландык башкарууга жол бербейт” деди ажо. Деген менен ажонун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун тегерегине ар кандай күчтөр топтолуп жатканы тууралуу сөздөргө бул үй-бүлө тарабынан азырынча чекит коюла элек.
Мискенбаев баштаган “апрелчилердин” жыйынында учурда кызуу талкууга түшүп жаткан энергетика тармагындагы коррупция тууралуу сөз такыр болгон жок. Бишкек ЖЭБинин жакында кызматтан алынган директорунун айтымында борборду жаңылоого Кытай банкынан алынган 386 миллион доллардын 250 миллиону гана түшкөн. Калган 136 миллион доллар кайда калган?
386 миллиондун чоо-жайын ачык айтып чыккан ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу өзү жана үй-бүлөсү коркунучта экенин, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирүүдө. Ушундай шартта Мискенбаев баштаган “апрелчилер” эмне үчүн 7-Апрель революциясынын башкы максаттарынын бири энергетиканы коррупциядан тазалоо болгонун эскертип, ЖЭБдеги ири коррупциялык иштин аягына чыгууну талап кылып чыкпайт? Бул күндөгү жыйын тескерисинче, элдин көӊүлүн ЖЭБ окуясынан башка жакка буруу катары көрүндү...
Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевге каршы 2014-жылы ачылган кылмыш иши жанданып, тергөө аяктады. Ишти сотко өткөрүү үчүн УКМК тийиштүү материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Экс-депутатты 16-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы суракка чакырып, аны Бишкек шаарынан сыртка чыкпоого милдеттендирди.
Депутат Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигине кат жазып, анын негизинде Кыргыз-Орус Славян университетине 24 абитуриент мыйзамсыз кабыл алынган деп 2014-жылы Башкы прокуратура маалымат тараткан. Осмоналиевге “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши ачылган. Бирок “тергөөдө күнөөсү далилденген жок” деп кылмыш иши токтотулган.
Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков акыркы 2 жылда ачылган кылмыш иштеринин 50 пайызга жакыны тергөөдө кыскартылып, 85 пайызы “кылмышка шектүү адамдар табылган жок” деп кыскарып же токтотулганын сындаган эле. 12-мартта Коопсуздук кеӊешинин катчылыгы УКМК жана Финпол акыркы бир нече жылдын ичинде токтоткон жана кыскарткан кылмыш иштеринин тизмесин президентке берди. Бул иштер Башкы прокуратурага жиберилип, мындан ары Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө болору айтылды.
Резонанс жаратып, кийин кыскартылган же күнөөлүүлөр соттон акталган айрым иштерди атасак. 2017-жылы Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын ал кездеги төрагасы Тайырбек Сарпашевди Бишкекте Максим Бакиевге таандык делген жердин аресттен чыгарылып, сатылып кетишине себепчи болгон деп атап, териштирүүнү баштаган. Ошондой эле Сарпашевге вице-премьер кезинде тендерде утулган компаниядан жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланкын сатып алууга уруксат берүүнү айтып Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырма берген деген да шек түшкөн. Бул иштер “айып далилденген жок” деп кыскарганын Сарпашев билдирди.
2012-жылы “Аю” компаниясынын кампасынан жасалма акциздик марка чапталган 100 миӊ бөтөлкө арак табылып, Башкы прокуратура факт боюнча кылмыш ишин ачкан. Бул иштин да аягы эмне болуп бүткөнү коомчулукка белгисиз.
2013-жылы Бишкек шаарынын ал кездеги мэри, учурда парламент депутаты Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери “Дайыр Асанов атындагы “Жеӊиш” сейил багынын чек арасын аныктоодо мыйзам бузууга барган” деп айыпталышкан. 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту Өмүркуловду жана аны менен бирге айыпталгандарды актап, кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Осмоналиев учурдагы бийликке карата оппозицияда келе жаткан адам. Эл бийликтеги команда же оппозиция өкүлү деп бөлүнбөй тегиз жүргөндө гана өлкөдө коррупция менен күрөш чын эле жүрүп жатканына ишенет. Кыскартылып кеткен иштер жалаң оппозиция өкүлдөрүнө карата жандандырылбай, тегиз каралып чыгышы керек. Анткени Жээнбеков "мен үчүн азыр бир гана партия бар. Ал - эл", - дейт. Эл болсо оппозиция, позициясына карабай коррупция токтотулушун, өлкөдө мамлекеттик органдар өз милдеттерин парасыз аткаруусун, өлкөнүн өнүгүшүн, жашоонун жакшырышын каалайт...
Орусияда 18-мартта президенттик шайлоо өтүп, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Владимир Путин жеӊди. БШКнын билдиришинче, Путинге шайлоочулардын 76 пайызы добуш берген. Кыргыз жеринде бул шайлоого 13 миӊден ашык Орусия жараны катышты.
Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков Путинди жеӊиши менен куттуктап, Кыргыз-Орусия мамилеси туруктуу уланарына ишенерин айтты. Кыргызды Орусияга байлап турган негизги факторлордун бири – мигранттар. Учурда 1 миллионго жакын Кыргыз жараны Орусияда иштеп жан багат. Алар жыл сайын өлкөгө 2 миллиард доллардын тегерегинде акча которот. Путин президенттикти сактап калды, демек, Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз жарандарына мамиле жакын арада кескин өзгөрбөйт...