БШК: "Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчү талапкер боюнча мамлекеттик органдар суроо-талаптардын жообун бере элек"

"Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчү талапкер Клара Кабилова боюнча мамлекеттик органдар суроо-талаптардын жообун бере элек", - деп бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК талапкердин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талап жөнөткөн.

Эске салсак, аталган комиссия Аида Салянованы 3-мартта мандатынан ажыраткан. "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча кезекте Гүлнара-Клара Самат турат. Анын мурдагы аты-жөнү Клара Кабилова.

7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан