18-март күнү Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргыз жеринде жашап жаткан 20 миңге чукул Орусия жарандарынын 13 миңден ашууну катышты. Жыйынтыгында талапкерлердин арасынан Владимир Путин эң көп добуш алганын SUPER.KG'ге Орусиянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, республика боюнча жалпы 6 шайлоо участкасы ачылса, эң көп добуш берүү Бишкекте орун алды.
"Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоо учурунда мыйзам бузуулар жана тоскоолдуктар болгон жок. Добуш берүүгө жалпы 13 миңден ашуун адам катышты. Бишкекте 6944 шайлоочунун 6477си, Караколдо 520нын 467си, Ошто 2480дин 2371и, Чолпон-Атада 236нын 209у, Кара-Балтада 1334түн 1254ү, Кантта 2007 шайлоочунун 1767си Путинге добуш берди. Жыйынтыгында Путин 12 миң 545 добуш алды", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми 100 шайлоочунун добушу жараксыз болуп табылганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Орусиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Владимир Путин 76,67 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Орус басылмалары ушул сааттарга карата добуштардын 99,75 пайызы саналып бүткөнүн жазууда.