Депутат кайсы ишкананын директору жергиликтүү бийликти да, тургундарды да тоготпой жатканын айтты

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Депутат Акылбек Жамангулов Кемин районундагы Ак-Түз кен ылгоо комбинатындагы авариянын келип чыгуу себептери менен анын кесепетин жоюу маселесине арналган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 26-февралда Ак-Түз алтын менен күмүш кендерин иштеткен кен ылгоо ишканасынын саркынды суу агуучу түтүктөрдүн жарылуусунан улам уулуу заттар өрөөндү каптап, саркынды суунун Кичи-Кемин суусуна кошулган. Депутат бул кырсыктан улам аймакта радиациялык фон өзгөргөнүн эске салып, тиешелүү компанияларга карата катуу чараларды көрүү зарылдыгын айтты.

"Комбинаттын башкы директорун канча жолу жолугушууга чакырдык, ар нерсени шылтоолоп качып жүрөт. Ал мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн да, жергиликтүү бийлик жетекчилерин да, жергиликтүү тургундарды да теӊине албайт экен. Бул авария компаниялардын техникалык кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам болгону көрүнүп эле турбайбы. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл, ансыз ал кайталана берет. Албетте, биз инвесторлорду сыйлап, жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Бирок алар дагы бизди сыйлап, улуттук мыйзамдарыбызды так аткарууга тийиш. Тилекке каршы, ушул кезге чейин экологиялык коопсуздук, жергиликтүү жолдорду оӊдоо, жергиликтүү калкка колдоо көрсөтүү багытындагы соцпакет маселелери чечиле элек. Убада көп, аткарылган иш аз", - деди Жамангулов.

Экотехинспекциянын башчысы Расул Артыкбаевдин айтымында, авария болгондун эртеси эле мекемелер аралык комиссия түзүлүп, авариянын себептери иликтене баштаган.

"Тоӊуп калган саркынды суу түтүгү төрт жеринен жарылган. Комиссия лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде "ТК ГеоРезерв" жана "ТК ГеоРесурс" компаниялардын жетекчилигине авариянын кесепеттерин жоюу боюнча бир катар көрсөтмөлөрдү берди. Азыр алардын жоюлушун көзөмөлдөп жатабыз. Эӊ негизгиси түтүк жарылган жердеги ууланган топурак кыртышы толугу менен алмаштырылат. Ал эми саркынды суу топтолуучу жайды техникалык рекультивациялоо маселеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге чечилмекчи", - деди Артыкбаев.

"ТК ГеоРезерв" жана "ТК ГеоРесурс" компаниялары Ак-Түз кенинде алтын жана күмүш рудаларын иштетет. 2017-жылдын жыйынтыгында алар 87 килограмм алтын жана 148 килограмм күмүш өндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан