ЖЫЛНААМА, 21-МАРТ: Мындан 103 жыл мурун белгилүү акын Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген

Кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун, Каптал-Арык айылында 1915-жылы 21-мартта туулган. Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган.

Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш Ленинчил" гезитинде "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн.

Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери", "Ата журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мыкты котормочу экендигин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" ж. б. авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон.

Улуу акын Алыкул Осмоновдун акын катары даңкы каза болгондон кийин чыкты. Адегенде аны туурап жазган акындардын бүтүндөй мууну келди. Бара-бара адабиятта өзүнчө “Осмонов мектеби” пайда болду. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы "күмүш доор" деп аталып жүргөн адабий доордун керегесин тикелеп, каалгасын ачкандардын негизгиси - Алыкул Осмонов экенин азыр ар бирибиз билебиз. Ал эми эгемендик заманында Алыкулдын аты өзүнчө эле коомдук символ, улуттук культ болуп кетти, моралдык тазалыктын, руханий аруулуктун бирден-бир үлгүсүнө айланды.

Тарыхта түбөлүк калыш үчүн аябай көп жазып, калың китептерди, сандаган томдорду чыгарыштын эч бир кереги жок окшойт. Алыкул бир нече гана чыгармасы менен, классика болуп калган бир катар лирикалары жана поэмалары менен төл адабиятыбыздын эң төрүнөн орун ээледи.

"Турмушта мен өтпөдүм, өмүрүм өттү,
Мен ага жолдош болуп ээрчип келдим", - деген улуу лирик, кайталангыс философ, жаңы кыргыз адабиятынын баштоочусу Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган.

21-марттын жылнаамасы.

Алтынбек Каленов - Сулууга (Мезгил жана Алыкул тасмасына саундтрек)
Алыкул Осмонов - Ысык-Көл
Алыкул Осмонов - Сулууга
Алыкул Осмонов - Отуз жаш
Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан