ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Жогорку Кеңештин депутаты, 5 баланын атасы Абдывахап Нурбаев 48 жашка толду

Мындан 48 жыл мурун, 1970-жылы 22-мартта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Чоң үй-бүлөдө чоңойгон. Бала кезин Нурбаев мырза минтип эстейт.

"9 бир тууганбыз. Ата-энебиз баарыбызды жогорку билимдүү кылышты. Бала кезимди эстесем апамдын эски бозоргон пальтосу эске түшөт. Мен чоңойгончо апам ошол пальтосун кийип жүрдү. Көрсө, балдарым деп тапканын бизге коротушчу экен. Апамдын 4 эле класстык билими бар болгонуна карабай химия, физикадан аткарган тапшырмаларыбызды текшерчү. Атам болсо колхоздун башкы агроному эле. Эртеден кечке жумушта. Ал бизди тактыкка жакшы үйрөткөн", - дейт депутат.

1989-жылы Ош куруучулук техникумун аяктаган соң 4 жыл кесиби менен ар түрдүү кызматтарда иштеген. Кийин 1995-2000-жылдары Ош мамлекеттик университетинде юриспруденция адистиги боюнча билим алып, 2001-жылы "Ошкоопкурулуш" ишканасынын өндүрүштүк курулуш мекемесинин башкы директору болуп дайындалган.

"Мен мектепти жалаң "5" менен бүттүм. Кийин атамдын кеңеши менен Оштогу куруучулук техникумун аяктап, андан соң аскерге чакырылдым. Ал жакта атамдын бизди тактыкка үйрөткөнү пайдасын тийгизди. Сержанттык мектепти 6 ай окуп, кийин Орусиянын Брянск шаарында кызмат өтөдүм.

Союз таркаган соң Кыргыз өлкөсүндө курулуш тармагы токтоп калды. Ал учурда юрист болуу модага айланып кеткен. Көпчүлүктүн арасында мен да Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим ала баштадым.

Буга катар Оштогу курулуш компаниясында иштеп жүрдүм. 2001-жылы эмгек жамааты жетекчини кетирип, жаңы жетекчи катары мени шайлашты", - деп эстейт Нурбаев.

Абдывахап мырзанын саясий карьерасы 2007-жылы башталган. Бул жылы ал Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Кийин 2012-жылы жаңы системдин негизинде "Адилеттүү Кыргызстан" партиясынын катарында шайлоого катышып, шаардык кеңешке келген. Ал эми үч жылдан кийин 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

"Жогорку Кеңештин деңгээли шаардык кеңештен бөлөк. Кантсе да республикалык масштаб эмеспи. Эсимде, ант берип жатып аябай сүрдөгөм. Кийин кабинетке келип, Кудайдан күч кубат бере көр деп сурангам. Азыр колдон келишинче иштеп жатабыз. Тарапташтарым менен буга чейин бала бакчаларды куруп иштете баштаганбыз. Келечекте мектеп, университет курабыз деген изги тилектер бар. Ал үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Кыргыз мамлекетинин алыскы айылдарында өзгөчө таланттуу, өжөр балдар бар. Сөзсүз ошолорго жол ачып берүүбүз керек. Бул менин балалыктан келе жаткан тилегим", - деген пикирде Нурбаев.

Депутат 1 кыз жана 4 уулдун атасы. Кичүүсү 5 жашта, улуулары чет өлкөлөрдөгү окуу жайларды окуп жатышат. Ал эми жубайы тууралуу төмөнкүдөй айткан. "Жубайым менен жаш кезде, куруучу болуп иштеп жүргөндө тааныштым. Ал катчы болчу. Улам жумушка байланыштуу кирип жүрүп, таанышып тил табыштык. Кыштын кыраан чилдесинде ала качып кеттим. Бир аз тополоң кылып отуруп калган. Эриш-аркак ынтымактуу жашап келе жатабыз", - дейт Абдывахап мырза.

Нурбаев Абдывахап Мамодрасулович:

  • 1970-жылы – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган.
  • 1985-1989-жылдары – Ош куруучулук техникумун аяктаган.
  • 1991-1995-жылдары – Кесиби менен ар түрдүү кызматтарда иштеген.
  • 1995-2000-жылдары – Ош мамлекеттик университетинде юриспруденция адистиги боюнча билим алган.
  • 2001-2013-жылдары – «Ошкоопкурулуш» (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинин башкы директору болуп иштеген.
  • 2007-2012-жылдары – Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.
  • 2012-2015-жылдары – Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) Ош бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү, ушул эле жылдарда Ош шаардык кеңешинин депутаты, "Адилеттүү Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси болгон.
  • 2015-жылдан тарта – КСДПнын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
  • Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

22-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан