Евробиримдик Орусиядагы элчисин чакыртып алууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, Швециянын премьер-министри Стефан Лёвен Бриюсселде өткөн Евробиримдиктин лидерлеринин саммитинде чечим кабыл алынганын билдирген. Евробиримдиктин лидерлери бул чечимди Орусия менен Британиянын ортосундагы пикир келишпестиктен улам Британияга колдоо көрсөтүү максатын көздөп кабыл алышканы айтылат.
Белгилей кетсек, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында чалгындоо кызматынын башчысы жана анын кызынын ууландырылышына Орусияны айыптап келет. 14-мартта Тереза Мэйдин буйругу менен 23 орусиялык дипломатты бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынып, ал аткарылган.