ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов 52 жашка толду

Токтогул Туманов 1966-жылы 23-мартта Токтогул районунун Токтогул айылында төрөлгөн. Ал 1992-жылы Кыргыз айыл чарба институтун агроном адистиги боюнча, 2008-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1992-1996-жылдары Жалал-Абад облусундагы “Келечек” тигүү ишканасында инженер-жабдуучу;
1996-2001-жылдары “Жалал-Абад таттуусу” ишканасынын директору;
2001-2010-жылдары “Келечек” ишканасында тигүү өндүрүшү боюнча директору;
2004-2008-жылдары жана 2008-2010-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
2010-жылдын октябрында КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Учурда "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын директору болуп эмгектенип келет.
23-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан