Кечээ, 23-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды. Нурсулу Ахметова Кыргыз мамлекетинин узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында, эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын билдирди.
Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.
Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук кеңешинин жыйыны 2018-жылдын 27-мартына пландалган.