Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутаттар мыйзам жазуудагы катачылыктар үчүн өкмөттүн тийиштүү кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылууда.
Жыйында Кыргыз өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо жөнүндө макулдашуу каралмак. Бирок өкмөттүн өкүлү мыйзамда кемчиликтерге жол берилгенин айтып, күн тартибинен алып турууну сунуш кылды. Депутат Акылбек Жамангулов котормодо эки түрдүү мыйзам болуп калганын айтты.
"Азыр мыйзам долбоору кыргыз тили менен орус тилинде эки башка мааниде келип калыптыр. Бизде мындай учурлар көп болуп жатат. Ошондуктан өкмөттүн тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин карашыбыз керек. Буга чейин комитет ушундай катачылык үчүн Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси менен юстиция министрин кызматтан алууну айтканбыз. Бирок өкмөт биздин сунушту көзгө илбей жатат. Ошондуктан комитет атайын тапшырма койсок", - деди Жамангулов.
Башка депутаттар да Жамангуловдун сунушун колдоду.