Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча отурум өттү.
Анда материалдар каралып бүткөн соң соттук коллегия танапис жарыялап, отурум саат 14:00дө уланарын маалымдады. Депутат саат 14:00дө отурумга келе албай турганын айтты. Ал тамчылатма дары алышы керектигин айтып, буга 2 сааттай убакыт керек экенин билдирди.
Мындан тышкары, Шыкмаматов сотко кайрылып, кийинки соттук отурумду 7-апрелден кийин дайындоону суранды. Мындай өтүнүчүн ал 7-апрель - Өлкө үчүн тарыхый күн жана бул күнү көп иштери бар экенин түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда.
Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган.
Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.