КҮНСЕРЕП: Кытайлар Кыргыз паспорту үчүн кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышабы?

Бүгүн, 27-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өрткө каршы кызматтын айрым кызматкерлери Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө уруксат документтерин мыйзамсыз берип жүрүшкөн. Бул коррупциялык схема Аскердик прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө билинип, жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмалык” беренелери менен 6 кылмыш иши козголду. Текшерүүнүн жүрүшүндө ‎2016-2017-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы кызматынын айрым кызматкерлери өрткө каршы талаптарга жооп бербеген турак жайлардын курулушуна мыйзамсыз уруксат документтерин беришкендиги аныкталган.

Бул аралыкта Орусиянын Кемерово шаарында бүгүн облустук администрациянын жанында митинг өтүп, митингчилер аймактык жетекчилердин кызматтан алынышын талап кылышты. Эске салсак, кечээ күнү аталган шаардагы соода борборлордун биринен өрт чыгып, андан 64 адам набыт болду. Каза тапкандардын 41и балдар. Кайтыш болгон жана жабыркагандардын дээрлик баары соода борборго келген кардарлар. Көз жумгандардын тизмесинде соода борборунун кызматкерлери жоктугу айтылды. Орусиянын президенти Владимир Путин кырсык орун алган жайга келип, “мунун баары кылмыштуу шалаакылыктан жана кайдыгерликтен” деди. Алгачкы тергөө материалдарында соода борборунун кызматкерлери өрт чыккандан кийин андагы балдарды жана ата-энелерди таштай качып чыгышканы, ошондой эле кинозалдарды жабык бойдон калтырышканы белгилүү болгону жарыяланды. Сыртка чыгууга үлгүргөн күбөлөр да өрт кинозалдардын жанында балдар ойногон жайдан чыкканын айтышкан. Соода борборунда 19-марттан бери өрткө каршы сигнализация иштебей жатканы да ачыкка чыкты.

Орусиядагы кырсык Кыргызга да, дегеле бардык өлкөлөргө эскертүү коңгуроосу болуп кагылды. Бишкекте эле 20дан ашуун соода борбору, алардын ар биринде балдар ойноочу жайлар бар. Аларда өрт коопсуздугу талапка жооп береби, соода борборлору мына ушундай текшерүүдөн өтөбү? Мындай текшерүүнү жүргүзүү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Экономика министрлигинин макулдугу керек. “Ишкерликтин субъекттерин текшерүү тууралуу” мыйзамга ылайык, эксплуатацияга берилген соода борборлорун үч жылга жетпеген убакытта текшерүүгө тыюу салынат. Экономика министрлиги макул болуп, инспекция мыйзам бузуу тапса, аны оңдоо үчүн администрацияга 30 күн мөөнөт берилет. Кийин дагы бир жолу текшерүү орун алат, эгерде анда да талаптар аткарылбаса, 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат. Аткарылбаган талаптарга келсек, Бишкекте, жалпы өлкөдө да алардын саны оголе көп. 2017-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өлкөдөгү 134 ири соода комплекстеринин 96сын текшерүүгө алган. Анын ичинен 46 кызматтагы жана юридикалык жактарга өрт коопсуздугунун нормасын аткарбагандыгы үчүн жалпы 820 миң сомдук айып салынган. Бул айыптын 80 миң сому Бишкек шаарында салынган.

Кырсыктан соң мындай кырсыктарды келечекте болтурбоо чарасын көрүү маанилүү. “Өрттөн кийин” баары бир кыймылга келүүгө туура келет, жакшысы ага жеткирбей жетиштүү чара көрүү абзел...

Акыркы 8 жылда 214 Кытай жараны, алардын ичинен 129у этникалык кыргыздар Кыргыз паспортун алган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты таратуу менен буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган миңден ашык Кытай жараны Кыргыз паспортун алган деген маалымат калп экенин билдирди. Мындай төгүндөөнүн келип чыгуусунун себеби бул эле эмес.

Өткөн аптада Ош ОИИБи Кыргыз паспортун мыйзамсыз алган 4 Кытай жаранына жана паспорт берген жетекчиге кылмыш ишин козгогон. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кытайлар Ош облусунун тургундарынын ысымына жазылган паспорт алышкан. Атүгүл алардын бири өлгөн адамдын атындагы документти колдонуп жүргөнү билинген. Иликтөө учурунда кармалгандар жасалма паспорт үчүн 2-3 миң доллардан төлөгөнүн айтышкан.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Бишкек шаарындагы “Мадина” базары Үрүмчү эле болуп калды” деп, 3 миң уйгур улутундагы адам Кыргыз жарандыгын алганы тууралуу айткан. Кийинчерээк дагы бир депутат Кенжебек Бокоев “миңге жакын Кытай жараны Кыргыз өлкөсүндө туруктуу жашоо укугун алышкан” деген маалыматты көтөрүп чыккан эле. Бирок эл өкүлдөрүнүн сөзү расмий органдар тарабынан тастыкталган эмес. Миграция кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө иштөө үчүн чет элдиктерге берилген 14 миң квотанын 11 миңден ашыгы Кытай жарандарына бөлүнгөн.

Кытай жарандарына байланыштуу мыйзамсыз документтер гана эмес, аларга турмушка чыккан кыргыз кыздары да акыркы учурда кызуу талкууда. “Ак жүрөк” кризистик борборуна кытайларга турмушка чыккан бир нече Кыргыз кызы жардам сурап кайрылышкан. Алар 1-2 балалуу болгондон кийин күйөөлөрү таштап кетишкенин жана айрымдары Кыргыз жарандыгын алуу максатында гана жергиликтүү кыз-келиндерге үйлөнгөнүн айтып беришкен. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 17 жылдын ичинде 195 Кыргыз кызы Кытай жарандары менен никеге турган.

Кылмышкерлерге же чет өлкөлүктөргө жасалма паспорт берүү боюнча айрым окуялар убагында резонанс да жараткан. Түркиянын аэропортунда 98 уйгур тектүү Кытай жарандары жасалма Кыргыз паспорттору менен кармалышкан. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул иш боюнча үч жаран жоопко тартылганын айткан. Бирок Түрк укук коргоо органдары Кыргыз тарапка паспорттун түп нускасын жана башка маалыматтарды бере элек.

Жогоруда жазылгандай, Кытай жарандарына байланыштуу соңку маалыматтар чети гана болушу ыктымал. Жарандык алуу үчүн жергиликтүү кыз-келиндерге үйлөнүү сыяктуу амалга баруу аракеттери көрүлүп жатса, анда айрым өлкөлөрдөгүдөй тиешелүү мыйзамдарды бекемдөө зарылдыгы келип чыгат. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишке баруусуна бөгөт коюла электиги жалпы Мамлекеттик каттоо кызматына, “Таза коом” деп жар салынган өкмөттүн долбооруна көлөкө түшүрөт...

Өкмөт эки жыл мурун эле эбегейсиз акчага (ред.1,6 миллиард сом) жаңыланган Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды оңдоого бюджеттен 10 миллион сом бөлгөнү жатат. Ал быйыл 2-сентябрда башталчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында каралууда. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 26-марттагы жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канатбек Аманкулов тарабынан айтылды. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, мамлекеттик бюджеттен берилчү бул каражаттын булактары табылган. Жыйынтыгында, буга чейин эки ирет оңдоодон өткөн ат майданды дагы оңдоо үчүн акча бөлүү сунушун комитет мүчөлөрү колдоп беришти. Буга чейин 3-оюнду өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 307 миллион сомдон ашык каражат жумшалары айтылган эле.

Эртеси эле, тагыраагы, бүгүн Жогорку Кеңеш тактоо иретинде маалымат таратты. Жогорудагы 10 миллион сомду ат майданды оңдоо үчүн эмес, оюндарды өткөрүүгө кошумча каражат катары бөлүнөрүн билдирди. Маалымат анык болсо оюнду өткөрүүгө кошумча каражат комитетте эмнеликтен ипподромду оңдоого деп талкууланганы түшүнүксүз. Бул тактоонун бир күн кечиктирилип таратылганы да суроо жаратат. Интернет коомчулугунда ипподромду оңдоого карата сындар түрткү болдубу?

Каржы министрлиги II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланганын, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду кайра курууга эле 1 миллиард 584 миллион сом, иш-чараны уюштурууга 249 миллион сом сарпталганын билдирген. Эске салсак, ал каражат "Жер-Үй" кенин сатуудан түшкөн 100 миллион доллардын эсебинен сарпталган. Адегенде бул акча республикада 100 мектеп курууга коротулары айтылып, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолун оңдоого жумшалып кеткени катуу сынга алынган эле.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп турган Маргарет Тетчер “Эч кандай “мамлекеттин” акчасы болбойт. Бир гана салык төлөөчүлөрдүн акчасы болот” деп айткандай, бюджеттин каражатын иштетүүдө максаттуулук жана сарамжалдуулук болбосо, анда бул ипподром дагы бир топ кайра куруу жана оңдоо иштеринен өтө берет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан