Кочкор-Атадагы "Кыргызнефтегаз" ишканасы сатылышы мүмкүн

Кочкор-Атада "Кыргызнефтегаз" ишканасы сатылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев бүгүн, 28-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Жанар Акаев акыркы учурдагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын тегерегиндеги жаралган кырдаал боюнча сурады.

"Буга чейин Кочкор-Ата шаарында "Кыргызнефтегаздын" кызматкерлери митингге чыккан. Алар өлкөдөгү жападан жалгыз мунай өндүргөн ишкана Орусиянын "Газпром" компаниясына сатылып кетиши мүмкүн деген кооптонууларын билдиришкен. Азыр элдеги акцияларын сатып алып жатат. "Кыргызнефтегазды" өкмөт "Газпром" менен сүйлөшүп сатайын деген ою барбы же сатпайбы?" - деди Акаев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев "Кыргызнефтегаз" ишканасынын сатылышы мүмкүн экенин жашырган жок.

"Буга чейин өкмөт башчы Кочкор-Атага барган, ал жерде суранычтар болгон. Анткени мунайды кайра иштетүү заводу 10 пайыз гана кайра иштетүү менен алек болууда. Мунайды өндүргөндөн кийин сактоочу жайлар да аз болуп, инвестиция керек болууда. 10 пайыз кайра иштетүү деген көлөм өтө эле аз. Ошол эле кезде түштүк аймакта күйүүчү майга карата талап абдан чоң. Инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп, Кытай жана Өзбек инвесторлорунан жана "Газпромдон" сунуш түшкөн. Азыр сүйлөшүү же жол карталары боюнча айтууга эрте", - деди Түлебердиев.

Жанар Акаев эгер "Кыргызнефтегаз" ишканасы сатыла турган болсо өкмөт жоопкерчиликти алышы керек деген пикирде.

"Кыргызнефтегаздын" башкы инженери өкмөт менен "Газпром" комиссия түзүлдү деп айтты. Ушул маселени такташ керек. Анткени өкмөт "Кыргызнефтегазды" сатабыз деген болсо жоопкерчиликти алып чыгышы керек. Анткени элде бүдөмүк ой жаралып калды. Өткөн жылы 120 пайызга планды аткардык деп жатышат. Газ өндүрүү жагынан жакшы мунай өндүрүүдөн аксап жатканы чындык. Өкмөткө 700 миллиондон ашык салык төлөшүптүр. Ошондуктан ал жердеги салык төлөөчүлөр, иштеп жаткан 2500 жумушчу өкмөттөн жакшы жооп ала албай жатат", - деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан