"Мээрбек Мискенбаев "Мегаком" компаниясында кеңешчи болуп канча маяна алат?" - деп бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко кызыкты. Эл өкүлү 100 пайыз мамлекет ээлик кылган "Мегаком" компаниясынын жетекчилиги өздөрүнө өтө жогору маяна коюп алганы боюнча маалыматтар бар экенин айтты.
"Мегакомдун" тегерегинде суроо абдан көп. Эмне үчүн кирешелүү компанияны өкмөт сатууну көздөп жатат. Жарнамаларга көңүл бура турган болсок, компания тармагын кеңейтип, алгылыктуу иштеп жатат. Эмне үчүн компанияны мамлекеттин балансында калтырып, натыйжалуу башкаруу жүргүзсө болбойт. "Мегакомдо" жетекчилик жана башкалар өздөрүнө өтө жогору эмгек акы коюп алышкан деген маалыматтар чыгып жатат. Мени ушул нерсе тынчсыздандырат. Мисалы, "Мегакомдо" жетекчиге кеңешчи болуп иштеген Мээрбек Мискенбаев канча маяна алат?" - деп Никитенко суроо салды.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев бул боюнча маалыматы жок экенин билдирип, тактап берүүгө убада берди.
"Мен Мискенбаевдин айлык маянасы боюнча азыр айта албайм, анткени кызыгып көрбөптүрмүн. Бирок мен бул суроонун жообун сизге кат түрүндө бере алам", - деди Түлөбердиев.
Никитенко 100 пайыз мамлекет ээлик кылган "Мегаком" компаниясынын жетекчилигинин айлык акысы тууралуу эл билиши керек деген пикирин айтты.
Белгилей кетсек, саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнө козголгон иш боюнча 2017-жылы 7-августтагы соттук отурумда суралып жатып, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев "Мегакомдун" жетекчисине кеңешчи болуп дайындалганын, айлыгы 150 миң сом экенин айткан эле. Бирок Мискенбаев айлыгы 80 миң сомдун тегерегинде экенин SUPER.KG порталына билдирген.