Президент Сооронбай Жээнбеков 28-мартта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы прокурор өлкө башчысына Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин аткаруу максатында прокуратура органдарынын коррупцияга каршы иш-аракети жөнүндө маалымат берди. Президент прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштер күчөтүлүп, жылыштар бар экенин белгиледи.
Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин коррупционерлерге карата чечкиндүү чараларды күткөн жарандык коом активдүү болуп жатканын айтты.
Башкы прокурор өлкөнүн бардык облустарында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте жыйындар өткөрүлгөнүн, коррупцияга каршы күрөш боюнча абалды талдоонун негизинде иш-чаралар планы иштелип чыкканын айтты.
Жолдубаева Башкы прокуратура тарабынан кызматтык кылмыш фактылары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо фактылары боюнча негизсиз токтотулган же кыскартылган кылмыш иштери кайрадан каралып жатканын билдирди.