Кечээ, 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.
Стамалиева алардын жолукканын эле тастыктап, эмне жөнүндө сөз болгонун айткан жок. Алар мурда деле жолугуп жүрүшкөнүн кошумчалады.
Эске салсак, 31-мартта КСДПнын курултайы өтөт. Анда аталган партиянын саясий кеңешинин төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралышы мүмкүн.
Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 24-ноябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган.