Депутат Бишкекте мыйзамсыз курулуштардын айынан жарандардын укуктары бузулуп жатканын айтты

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштардын айынан жарандардын укуктары бузулуп жатканын айтты.
"Тилекке каршы, өкмөттүн, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын да курулуштарды мыйзамды бузуу менен куруп жаткан компанияларды токтотконго алы жетпей калган окшойт. "Эсдемли колтракшн" компаниясы Токтогул көчөсүндө курулушту мыйзам талаптарын бузуу менен курууда. Инспекциянын маалыматына караганда, бул курулуш компаниясы Юстиция министрлигинде катталбаптыр, ар кандай эскертүүлөргө моюн бербейт. Өкмөттүн деле аны токтотууга алы жетпейт окшойт", - деди Карамушкина.

Эл өкүлүнө шаар тургуну жардам сурап кайрылыптыр. Анын айтымында, "Ихлас" курулуш компаниясы ал кишинин үйүнүн тегерегине ор казып салган.

"Ал адам компанияга кайрылса, анын үйүн бир бөлмөлүү батирге алмаштыруу сунушу берилиптир, ушул кантип болсун?! Бул жерде мыйзамсыз курулуштардын айынан жарандарыбыздын укуктары бузулуп жатканы көрүнүп эле турбайбы", - деп кошумчалады Карамушкина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан