Жогорку Кеңеш балдарга жөлөк пул боюнча мыйзамды колдоду

Жогорку Кеңеш балдарга жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун 2-3-окууда колдоду.

Төрага Дастан Жумабеков долбоорду 2 жана 3-окууда биротоло кабыл алуу үчүн бардык фракциялардын макулдугу берилгенин айтты.

Добуш берүү үчүн 111 депутат катталып, анын ичинен 110 депутат "макул" деп, бир депутат "каршы" добуш берди.

Эми мыйзамга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койсо, мыйзам 1-апрелден тартып ишке кириши күтүлөт.

Социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова буга чейин үй-бүлөнүн муктаждыгын аныктоодо мал жандыгы, автоунаа, айыл чарба техникасынын бар же жок экени, айлык акысы жана пенсиясы эске алынып келгендигин айтты. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорунда пенсия үй-бүлө кирешесинен алынып салынууда.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек.

Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган. 2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын "балага сүйүнчү" төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан