КСДПнын 31-мартта өтчү курултайына партиянын көп жылдан берки мүчөсү Асылбек Жээнбеков чакырылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов билдирди.
Мындан тышкары чакырылбагандардын катарында Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (партиянын саясий кеңешинин мүчөсү) бар экени айтылууда.
Искендер Матраимов SUPER.KG'ге билдиргендей, ага эртеңки курултайга чакыруу келген эмес. Мындай жоопту Асылбек Жээнбеков да маалымат булактарына айтып, партиянын саясий кеңешинен чыкканын билдирди.
Бирок ошол эле учурда КСДПчы депутат Дастан Бекешев ага аталган иш-чарага чакыруу келгенин, ал курултайга катышарын тастыктады.
Айта кетсек, 31-мартта Бишкектеги "Орион" мейманканасында КСДП партиясынын курултайы өтөт. Жыйынга 200гө чукул делегат катышары айтылууда. Анда партиянын саясий кеңешинин төрагалык кызматына Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги каралмакчы.