Бүгүн, 31-мартта Бишкекте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КСДПнын курултайы башталды. Коопсуздук чаралары күчөтүлүп, журналисттер киргизилген жок.
Саат 9:00дөн тартып, курултайга делегат катары келген Жогорку Кеңештин депутаттары көзгө урунду. Алардын баары КСДП парламенттик фракциясынан: Азамат Арапбаев, Евгения Строкова, Ирина Карамушкина, Чыныбай Турсунбеков, Аалы Карашев, Дастан Бекешев, Мурадыл Мадеминов жана башкалар.
Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр, тартип сакчылары курултай өтүп жаткан имараттагы коопсуздук чараларын күчөттү. Партиянын катчылыгы буга чейин саат 12:00 чамасында курултай аяктап, Алмазбек Атамбаев маалымат бере турганын билдирген.