Нарын. Уюшкан кылмыштуулук облуска 696 миң сом зыян алып келди

Нарын ОИИБинин УККККБсы уюшулгандан бери уюшкан кылмыштуулуктун көрүнүштөрүнө жол бербөө, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү максатында бир катар оперативдик иликтөө иштери жүргүзүлүп келүүдө. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, 2012-жылдын 9 айында уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү (УККККБ) тарабынан жалпы 12 кылмыш иши аныкталган. Аныкталган кылмыштардын ичинен коррупция багытында 6 иш, опузалап пара талап кылуу боюнча 2 факты; кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 4 факты бар. Экономикалык багытта 4 кылмыш иши козголуп, 2 кылмыш иши сотко жиберилип, 2 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары экологиялык багытта 2 кылмыштын бети аныкталып, 1 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 1 кылмыш иши тергөөнүн жүрүшүндө өндүрүштөн кыскартылган. Ачылган кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыян 696 125 сомду түзүп, мунун ичинен келтирилген зыяндын 242400 сому (35,0%ы) өндүрүлгөн. Мындан сырткары издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалып, камакка алынган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан