Өкмөт башчы президентке Уран Ахметовду кызматтан бошотууну сунуштады

Премьер-министр Сапар Исаков юстиция министри Уран Ахметовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөт башчы президент Сооронбай Жээнбековго юстиция министри Уран Ахметовдун берилген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштама жөнөттү.

Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде Ахметов өз арызынын негизинде кызматынан кеткени белгилүү болгон. Парламентте депутаттар тарабынан анын дарегине көп сындар айтылып келгени маалым.

Ахметов 2016-жылы ноябрь айында аталган кызматка келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан