Бишкек шаарынын мэриясынын алдында балдарды үй-бүлө зомбулугунан жана ата-энелердин катаал кайрылуусунан коргоо максатында атайын кызмат ачылды. Эми ар кандай зомбулукка кабылган балдар (0 312) 54-29-34 ишеним телефону аркылуу балдар психологунан кеңеш ала алышат.
Кошумчалай кетсек, ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы балдардын 72 пайызынан көбү ар кандай зомбулукка кабылышат. Акыркы 9 айда балдарга карата 951 кылмыш жасалган фактылар катталса, алардын ичинен 10 жашка чейинки балдардын 70 пайызы сексуалдык өңүттөгү зомбулукка кабылган.