Дастанбек Жумабеков: "Жарандардын көбү турак жайларын камсыздандырууга али даяр эмес"

Кыргыз өлкөсүндө жарандардын көбү турак жайларын камсыздандырууга азырынча даяр эмес. Мындай пикирин Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин 2-апрелде өткөн жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жумабеков “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамды талкуулоо учурунда элдин көбү менчик камсыздандыруучу компаниялар жок болуп кетет деп кооптонушканын айтты. “Ошондуктан аймактарда камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Азырынча көпчүлүк жарандар өз турак жайларын камсыздандырууга даяр эмес. Бирок биз бул тажрыйбаны ишке ашырышыбыз зарыл”, - деди парламент спикери.

Ошондой эле жыйын катышуучулары аталган мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөргө токтолуп, бул жаатта камсыздандыруу ишин жүргүзгөн кызматкерлердин санын көбөйтүү керектигин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан