Жанар Акаев: "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси тергөөчүлөрдү иш бөлмөсүнөн кууп чыгыптыр"

"Кыргыз темир жол" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн кууп чыгыптыр", - деп бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Депутаттын айтымында, Ногойбаев иликтөө ишине жолтоо болуп жатат. "Бир канча жолу "Кыргыз темир жол" ишканасы тууралуу маселени көтөргөнбүз. Ногойбаев аталган кызматтын кызматкерлерине жолтоо болуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатат. Өкмөттүн коррупция менен күрөшөм деген чын ниети болсо, президенттин коррупцияга каршы күрөшүү саясатын колдойм десе, бул боюнча чукул арада карап чыгуусу керек", - дейт Жанар Акаев.

Эске салсак, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупцияга шек жараткан маалыматтарды белгилеп, ишкананы жетекчилер өз менчигиндей колдонуп жаткандыгын билдирген.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов аталган айыптоолор негизсиз экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан